Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Чапаев  –  Кегети  –  Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Чүй облусундагы Чапаев - Кегети - Арпа-Тектир унаа жолунун 3,2 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштеринде мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин текшерүүсүндө жол иштери курулуш ченемдерине жана техникалык талаптарга жооп бербегени белгилүү болгон.

Жыйынтыгында подряддык уюм - "Дол Нур ЛТД" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилген.

Учурда талапка жооп бербеген асфальт катмары сыйрылып, жол кайрадан технологиялык талаптарга ылайык төшөлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды