Максат Байджигитов Чаткал районунун акими болуп дайындалды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими болуп Максат Байджигитов дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге 19-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жаңы акимди эмгек жамаатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу тааныштырды.
Белгилей кетсек, ал бул кызматка дайындалганга чейин Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын аркалаган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу