Жасалма уруктандыруу менен мериностун 100үнөн 135 козу алып, холестеринсиз эт жана уяң жүн өндүргөн Султанбек Абдыжакыпов

Жасалма уруктандыруу менен мериностун 100үнөн 135 козу алып, холестеринсиз эт жана уяң жүн өндүргөн Султанбек Абдыжакыпов

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон тарта өлкөбүздө уяң жүндүү меринос койлору кескин азайып, дээрлик жок болуп кеткен. СССР убагында бул койлордун жүнү “ак алтын” аталып, этинин сапаты да союздук өлкөлөрдө, Москванын өзүндө да жогору бааланчу. Фермерлердин көбү азыр эт багытындагы кара койлорго өтүп кеткенине карабай Нарын районунун Куланак айылынын тургуну, “Азим+С” кооперативинин негиздөөчүсү Султанбек Абдыжакыпов аксакал ушул меринос койлорунун аягын үзбөй багып, алардын көбөйтүп, эт жана жүн өндүрүп жатыптыр. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин көмөгү менен асыл тукум кой чарбасын, кийин кооператив түзгөн фермер ак койду асыроодогу тажрыйбасы, ийгилиги менен бөлүштү. 

Фермердин айтымында, анын ата-энеси да 60 жыл бою колхоздун тубар коюн багып, “Эмгек Кызыл-Туу” орденин алышкан экен.  

“Биз ошол ата жолун жолдоп ак койду кармап калдык. Башында ак койлор бизде анча көп эмес болчу. 2013-жылдан тарта көбөйтө баштадык. Бир жылдары кой башын 1000ге чейин жеткиргенбиз. Тоюттун тартыштыгынан улам кайра 600гө чейин азайтууга туура келди.  Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү (ФПС) жерлерден айыл өкмөтү мурдагы жылы 5 гектар, былтыр дагы 5 гектар жер беришти. Ошол жердин жарымына арпа, жарымына беде эккенбиз. Ошонун эсебинен эми акырындап ак койдун санын көбөйтө баштадык”,-дейт Султанбек аксакал. 

Фермер узак жылдар бою өзүнүн короосунан эле чыккан ак меринос кочкорлордон тукум алып келген. Натыйжада койлору майдаланып кеткендиктен малчы асыл тукум меринос кочкорун издей баштаган.  

“Койлорубуз майданалып кеткенде Кыргызстанда кимдер, кайсыл чарбалар биздикиндей ак кой багарын иликтей баштадым. Таласта илгерки М.Лущихин атындагы мамлекеттик чарба сакталып калыптыр. Ошол жерден 3 козу кочкор алып келдим.  
Андан кийин Ысык-Көлдөгү атактуу фермер Таштанбек Акматовдон дагы 3 кочкор сатып алдым. Кийин Чүйдөгү меринос кой баккан карачай улутундагы Халиф деген фермерден да кочкорлорду алып келдим. Ошентип эки жылда бирден кочкорлорду жаңыртып олтуруп азыр кой породасын кыйла оңдоп алдык”,-дейт каарманыбыз. 

Айылдык чарбакер көп жылдар бою тиешелүү шарттын жоктугунан ак койлорду жасалма уруктандыра албай келген. Мамлекеттин сунушу менен асыл тукум чарбасынан кооперативге өткөн соң Куланак айыл өкмөтү куут пунктун курууга 4 сотых жер бөлүп берген. 

“Кудайга шүгүр, эки жылдан бери Айыл чарба министрлиги тарабынан бизге жакшы көңүл бурула баштады. Буга чейин жасалма уруктандыруу жасай албай жүргөм. Негизи кочкорлорду кармап турганга суулуу жер болуш керек. Былтыр айыл өкмөтүбүз союз кезиндеги куут пунктунун ордунан 4 сотых жер бөлүп берди. Куут пунктун өзүбүздүн каражат менен куруп, койлорубузду биринчи жолу жасалма уруктандырдык. Анын жыйынтыгы жакшы болуп, чоң-чоң козулар түштү. Жасалма уруктандырууга Айыл чарба министрлиги берген 3 асыл тукум меринос кочкордун уруктарын колдондук. 
Жасалма уруктандыруунун аркасында 300 тубар койдун 60тайы эгиз тууп, 100 койдон 135 баш козу алдык. Мурда табийгый куут болуп мындай жакшы төл алчу эмеспиз. А чынында ак койго жакшылап камкордук кылса 100дөн 150 козу жөн эле алса болот”,-дейт С. Абдыжакыпов.  

 

Баарлашуу убагында фермер мериностун артыкчылыктарына да токтолду. 

“Меринос коюнун башка койлордон айырмачылыгы жана баалуулугу бир жылда эки продукция – эт менен жүн бергендиги. Негизи биздин тоо климатыбызга адаптацияланган мериностун жүнү дүйнө жүзүндө азыр да жакшы бааланат. Союз кезинде ак кой багуу боюнча Австралиядан кийинки орунда эле Кыргызстан турчу. Ак койдун эти мрамордуу болуп, холестерин дээрлик болбойт. Ошондуктан мунун эти даамдуу, сиңимдүү жана ден соолукка өтө пайдалуу. Башка породадагы койлордой аны 5-6 ай бордоп, ашыкча чыгым да болбойсуң. Жайыттан эле жакшы семирет. Ириктеринин тирүү салмагы 65 килограмм келип, 40 килограммга чейин эт берет”,-дейт элеттик ишкер. 

Мериностордун базардагы тирүүлөй баасына кызыкканыбызда фермер койлор август айында жакшы баа болорун билдирди. 

“Кыргыздар май жегенди жакшы көрөт эмеспизби, ошондуктан биздин койлор азыркы эт багытындагы куйруктуу кара койлордон арзан сатылат. Күзүндө этке кирген убакта кочкорлорубузду 30 миң сомго чейин, койлорду 20-25 миң сомдон сатабыз. Куйруктуу эмес болгондуктан башка убактарда баасы төмөнүрөөк болуп калат. Эгер Кыргызстанда жүндү кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, жүн экспорттоо колго алынса бул койлордун баасы кыйла жогоруламак. Бирок, буга да шүгүр, быйыл мериностор бир аз кымбаттап, ага суроо-талап жогорулай баштаганы сезилди. Бизден 30, 50 баш сатып алабыз, козу, койлорунан алып көбөйтөбүз дегендер чыгып жатат. Былтыр бизден бирөө 25 баш, дагы бир жигит 20 баш сатып алды”,-дейт фермер.   

 Мериностон өндүрүлгөн экинчи продукцияны – жүндү реализациялоо маселесине токтолгон ишкер, бул багытта азыр көйгөй бар экенин жашырган жок. 

“Дүйнөлүк рынокто жүндүн баасы 1200 сом экен. Быйыл Токмокто комволдук фабрика ачылат деп жатат. Нарында дагы бир ишкер жүндү кайра иштеткен ишкана куруп жатканын уктум. Эгер мамлекет ушундай ишкерлерге колдоо көрсөтүп, жүн кайра иштетиле баштаса биз мериносту коркпой дагы көбөйтөт элек. Ага бизде шарт бар. Сарайлар, кыштоолор жетиштүү. Жүндү эки жыл мурун 200-250 сомдон өткөрдүк эле. Эки жылдан берки жүнүбүз өтпөй турат. Андыктан азырынча жүн маселеси кыйын болуп турат”,-дейт ал. 

Фермердин айтымында, ак койду багуудагы негизги кыйынчылык – төлдөтүү. 

“Мериностун козулары дээрлик “кызыл эт” болуп туулат. Ошондуктан бир жумадай аларды баладай бапестеп, астын дайыма кургактап, балык май берип, жылуу кармаш керек. Бир жумадан кийин жүнү тирилип, оюн салып кетишет. Союз учурунда буларды февраль, март айларында туугандай кылып куудурушчу. Биз да азыр ушул айларда төлдөтөбүз. Себеби, бул мезгилде вирус жандана элек болуп, козулар көп оорубайт”,-дейт фермер.

С.Абдыжакыпов маектешүү учурунда “Азим+С” кооперативи тоют жыйноо, төлдөтүү мезгилдеринде 15тей жумушчу орун түзүп, жумушчуларга маяна төлөп берерин кошумчалады. Ошондой эле мурдатан көмөктөшүп жүргөн, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар 2 үй-бүлөнү кооперативге мүчө кылып алышканын билдирди. Кооператив алардын жерлерин айдатып, эгинин эгип, түшүмүн жыйноого жардам берип турат экен. 

Баарлашуу аягында Султанбек аксакал мамлекет фермерлеге жер, техника жагынан жетиштүү жардам кылып жатканын билдирип, элеттик фермерлерге субсидияларды берүү маселесине басым жасады. 

“Өкмөт ишимди баалап, Президенттин грамотасын алдым. Техника, жер жагынан маселе жок. Болгону биздин кирешебиздин көбү чыгымдарга кетип калып жатат. Жанагынча жерди өзүбүз айдатабыз, чаптырабыз, жыйнатабыз. Жер салыгын да төлөйбүз. Ошондуктан мамлекет тарабынан фермерлерге субсидиялар берилип, өндүрүлгөн продукцияны сатуу жагынан көмөк кылынышы керек. Ошондо мамлекет күткөндөй өнүгүү болот”,-дейт маектешибиз.

Мындан тышкары окуңуз

"Бай-Талаа" логистикалык борборуна өзбек инвесторлор кызыкдар

"Бай-Талаа" логистикалык борборуна өзбек инвесторлор кызыкдар

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү "Кыргыз Эко Экспорт" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Бай-Талаа" логистикалык борборунун долбоорун илгерилетүү боюнча иштерди улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан бул долбоор ишке ашыруунун акыркы баскычында турат. Ал айыл чарба продукциясын кайра иштетүү,

Курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуучу жайлар текшерилүүдө

Курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуучу жайлар текшерилүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилеринде санитардык жана техникалык талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Ведомствонун маалыматына ылайык, курулуш аянтчаларында атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жайларды уюштуруу милдеттүү талап болуп саналат. Бул чара шаардагы жолдордун жана айлана-чөйрөнүн булгануусун алдын алууга багытталган. Текшерүүлөрдүн негизги

Бишкекте ШКУ алкагында фитосанитардык коопсуздук маселелери каралды

Бишкекте ШКУ алкагында фитосанитардык коопсуздук маселелери каралды

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташкан министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара "Фитосанитардык чөйрөдөгү өнөктөштүк – ШКУ өлкөлөрүнүн соода байланыштарын чыңдоочу фактор" темасында уюштурулду. Кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин

Кыргызстан PGI Fund менен жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан PGI Fund менен жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде "Глобалдык инфраструктура жана инвестициялар боюнча өнөктөштүк" (PGI Fund) эл аралык демилгесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле PGI Fund делегациясы жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды