Ысык-Көлдөн 1300 метр синтетикалык тор чыгарылды
Жаратылыш министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жана Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы тарабынан көлдүн экосистемасын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында иш-чара өткөрүлдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, анын алкагында көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 1300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.
Учурда Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо, мыйзамсыз орнотулган торлорду аныктоо жана суу биоресурстарын коргоо боюнча иштер улантылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу