Бишкекте №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бишкекте №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

24-ноябрда борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өттү.

Бир кабаттуу имаратты "Кыргыз Даймонд" жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Мэриядан билдиргендей, имаратта кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, от казан жана санитардык түйүндөр каралган.

Мэр анда жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана муниципалдык объектилерди курууда натыйжалуу ыкмаларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.

"Имараттарды долбоорлоодо шаардын өнүгүү муктаждыктарын жана жер тилкелерин сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын эске алуу менен, көп кабаттуу кылып куруу каралышы керек", — деди шаар башчысы.

Калаа башчысы Капиталдык курулуш башкармалыгына:

  • имараттын учурдагы конструкцияларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны эки же үч кабатка чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү;
  • кошумча аянттарда китепкана же балдардын чыгармачылык борборун жайгаштыруу маселесин кароону тапшырды.

Мындан тышкары, Биринчи май районунун администрация башчысына имараттын айланасын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайды уюштуруу, ошондой эле учурдагы балдар аянтчасынын жанына воркаут-зонасын түзүү тапшырылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Максат Байджигитов Чаткал районунун акими болуп дайындалды

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды