Эмне үчүн кредит албаш керек? Себептерин айтабыз

Эмне үчүн кредит албаш керек? Себептерин айтабыз
Сүрөт: kloop.kg

Жазында Пригородное айылында 15 аял эгерде алардын үч жыл мурда алынган кредитин кечишпесе, өздөрүн өрттөп салабыз деп коркутушту. Мындай учурлар аз эмес. Дээрлик ар бир жолу Кыргызстанда олку-солку экономикалык кырдаал түзүлгөн сайын, алган кредитинен бошотууну талап кылган адамдар чыгат.

Кирешесинин аздыгынан калк дайыма банктан насыя алууга мажбур болуп турат. Бирок бул тескерисинче, дагы көбүрөөк финансылык кыйынчылыкты туудурат. Жыйынтыгында, алган адам карызга батып, андан кутулуу барган сайын кыйындайт.

Улутстаткомдун 2020-жылдагы көрсөткүчтөрүнө ылайык, Кыргызстанда 6 млн калкка 31.1 млрд сом микрокредит туура келет.

Economist.kg карызга белчеден батып кетпей кредит алуунун эрежелерине сереп жасады.

Бардык тобокелчиликтерди эске алып, ойлонулган финансылык план менен алынган учурда гана – кредит капиталды көбөйтүүнүн жакшы куралы болуп бере алат. Бирок реалдуу жашоодо көпчүлүк адамдар кредит менен кошо балээ алгандай эле болушат.

Ай сайын төлөмдөр

Менин кирешем ай сайын төлөмдөрдү жапканга жетеби деген кредит алаардан мурда, өзүңө берилген эң негизги суроо болуш керек. Эгерде стабилдүү кирешеңиз болбосо, анда кредит тууралуу ойлордун баарын башыңыздан алып салыңыз. Антпесеңиз, келечекте мойнуңузга чоң маселе илип алышыңыз мүмкүн.

Бир жактын кредит алган мисалында карап көрөлү. Карыз алуучу бир жылга деп 100 миң сом алды дейли. Анын орточо жылдык пайызы 25% болсо, бул учурда айлык төлөм – 9 миң 504 сомду түзөт. Тагыраак айтканда, ар ай сайын сиз өзүңүздүн чыгымдарыңыздан сырткары, дээрлик 10 миң сом банкка төлөшүңүз керек болот. Эгерде пайыздык ченем менен алсак, алынган кердиттен сырткары 15 миң сом кошумча төлөш керек болот же андан да көбүрөөк. Бул сиз кайсы банктан алганыңыздан көз каранды.

Айлык төлөмүңүз, сиздин бир айлык кирешеңиздин 35% ын гана түзүш керек деп кеңеш беришет эксперттер. Эгерде сиздин маянаңыз 35 миң сом болсо, андан максимум 12 миң 250 сом банкка кредит төлөгөнгө кетет.

Көпчүлүк адамдардын кетирген катасы – алар маяналарын банкка кредит төлөгөнгө жетет деп эсептеп алышканында. Жыйынтыгында, оокат-ашка кайрадан эле акча карызга алууга туура келет. Тобокелчилик дайыма бар, буга пандемия деле чоң мисал болуп бере алат.

90% кредит алсамбы-албасамбы деген адамдар кетирген дагы бир чоң катасы – өзүнүн кирешесин кредитке жана эң керектүү чыгымдарын жапкыдай, өп-чап жашоого жеткидей эле эсептеп алышканында. Натыйжада, киреше бираз ылдыйлап кеткен учурда жашоосунда маселе жаралат.

Эмне үчүн кредит албаш керек?

  • Кредит келечектеги кирешенин деңгээлин түшүрөт

Финансылык сабаттуулуктун эң негизги эрежеси – кирешенин канча бир бөлүгүн «коопсуздук жаздык» катарында сактап коюу. Сиз пайыз төлөп баштаганыңызда кирешеңиз азаят да акча топтогонго мүмкүнчүлүгүңүз жетпей калат. Көптөр биринчи кредитти төлөш үчүн экинчи кредитти алышат. Анан бул шакекче үзүлбөстөн кетип баштайт. Жыйынтыгында, сиз катаал чөйрөгө кирип кетесиз: дайыма акча жетпейт, бир кредитти жабыш үчүн башка кредит аласыз, аны төлөш үчүн үчүнчү кредит аласыз, ошентип улана берет.

  • Зарылчылык жок

Банкка бараардан мурда бул акча сизге учурда канчалык керек экенин бир канча жолу ойлонуңуз. Чоң суммага талап болуп жатса, демек, бул чыгымдарыңызды карап көрүшүңүздү билдирип жаткан кооптуу белги.

Эксперттер, келечекти «бүгүнкүгө салыштын» кереги жок деп эсептешет. Эң жакшысы, бүгүнтөн тартып, келечекке акырын акча чогулта жүрүш керек.

  • Ден соолуктун абалы

Адамдар ден соолук деген темага өтө эле аз маани беришет. Бирок эгерде кокустан ден соолугум начарлап, иштей албай калсам, кырдаалдан кантип чыгам деп алдын ала ойлонуш керек.

  • Сиз кредит берүүнүн системасын түшүнбөйсүз

Көбүнчө адамдар эффективдүү пайыздык чен, аннуитеттик төлөө жана кредиттик карта менен пайызсыз мезгил эмне экенин түшүнүшпөйт. Банктар бул нерсени өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, кредит алуу канчалык жөнөкөй жана оңой идея экенин башыңызга салып салат. Реалдуу картина кандай экенин билбеген адам акырында чоң эле суммага түшүп калат.

Эгерде кредит алам деп чечсеңиз, анда төмөндөгү кадамдарга маани бериңиз:
  • Финансылык план түзүп алыңыз

Сиздин чыгымдарыңыз кыскарып, адаттагы кээ бир нерселерден баш тартууга туура келет.

  • Туура банкты тандаңыз

Жакын жердеги банкка баруунун кереги жок, башкысы, алардын койгон шарттары, пайыздары сыяктуу критерийлерди караш керек жана банктын репутациясына да көңүл буруу зарыл.

  • Келишимди окуп чыгыңыз

Жакшысы, түшүнүксүз пункттарын банк кызматкеринен ачыктап сурап алыңыз. Эгерде кандайдыр бир терминдерди билбесеңиз, тартынбаңыз, банк кызматкерлери аларды кардарларга түшүндүрүү үчүн ошол жерде иштешет.

  • Шашылбай окуп, көңүл бура турган өзгөчө нерсе – кечиккен төлөм, айып пул, комиссиянын болушу тууралуу санкциялар жазылган пункт эсептелет.

Кредитти жапканды унутпаңыз

Кредиттин акыркы взносун төлөгөндөн кийин, сөзсүз, банк койгон милдеттерди, шарттарды толук аткардым деген билдирме кагаз алыңыз.

Жогоруда айтылгандардан сырткары, финансы тармагынын эксперттери кредит алуунун бүт жолдорунан качууну сунушташат. Эгер ала турган болсоңуз, өтө зарыл учурда жана сабаттуу эсептеп чыккандан кийин гана алыш керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.