Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо беш жылда 20%га өстү

Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо беш жылда 20%га өстү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш жылда 70%га өстү. 2020-жылдын аягында бул көрсөткүч 350 млн долларга жеткенин «Россия Экспорт борбору» ААКсынын агроөнөр жай комплексин колдоо долбоорунун жетекчиси Денис Казанников билдирди.

«Ошол эле учурда бул сооданын структурасы өзгөрүп жатканы кубандырат. Албетте, Россиядан агым көбүрөөк, бирок Кыргызстандан жакшы тенденцияны көрүп жатабыз. Акыркы беш жылда Кыргызстандын Россияга экспортунун үлүшү 7%дан 20%га чейин өстү. Россиянын айыл-чарба продукциясынын экспорттук продукциясы өткөн жылдын аягына карата 290 млн долларга жетти», – деди ал.

Экспорттун негизин шоколад жана кондитердик азыктар, өсүмдүк майлары, жарма жана башка азыктар түзөт.

Казанников кошумчалагандай, эки багытта соода жигердүү жүргүзүлсө, өлкөлөр ортосундагы логистика жакшы иштейт. Азырынча Россиядан келген товар жүгүртүү Кыргызстандан төрт эсе көп.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып