Жерүй кенин иштетүүдөн 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсе өсөт

Жерүй кенин иштетүүдөн 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсе өсөт

Жерүй кенин иштетип баштагандан улам 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев «КРнын орто мөөнөттүү мезгилде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө» баяндамасында билдирди.

Министрдин айтымында, 2022-жылы экономикалык өсүштүн негизги драйвери өнөр-жай тармагы болот жана ал жалпысынан ИДПнын 6.5%га өсүшүнө салым кошот. Өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн реалдуу өсүшү 14.9%га жетиши болжолдонууда.

«Жерүй кенин иштетип баштагандан улам 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге көбөйөт. Ал эми Кумтөр кенинен негизги металлдарды өндүрүү 2021-жылга салыштырмалуу 21.4%га көбөйүүсү болжолдонууда», – деди Амангельдиев.

Амангельдиевдин берген маалыматына караганда, текстиль тигүү жаатында 4.5% өсүш болжолдонуп, ишканалардын ишин толук калыбына келтирүү күтүлүүдө. Ошондой эле көмүрдүн казып алынуусу 6%га чейин, мунай менен табигый газ 4%га көбүрөөк өндүрүлүшү болжолдонууда. Тамак-аш продукцияларынын реалдуу өсүшү, нан, сүт, ун, эт ж.б. азыктарын туруктуу өндүрүүнүн эсебинен анын көлөмү 4-5%га өсмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,