Өлкөнүн 2021-жылдагы бюджетинин кирешеси 187.4 млрд сомду түздү

КРнын 2021-жылдагы бюджетинин жыйынтыгы боюнча кирешелердин көлөмү 187.4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу кирешенин өсүшү 53 млрд сомго көп болгон жана өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги натыйжасы – ИДП өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчкө жеткен.

Экономиканын тармактар боюнча көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болгон:

  • Айыл чарбасында өндүрүштүн темпи 5%га төмөндөгөн
  • Курулушта 4.8%га азайган
  • Өнөр жайында өсүү темпи 7.2%га өскөн
  • Кызмат көрсөтүү тармагында өсүш 6.5%ды түзгөн

«Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн азайышы негизинен өсүмдүк өстүрүүнүн 11.6%га азайышына байланыштуу болду», – деди Амангелдиев.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты