IFC «Демир Банк» аркылуу КРда чакан жана орто бизнести насыялоого 10 млн доллар бөлөт

IFC «Демир Банк» аркылуу КРда чакан жана орто бизнести насыялоого 10 млн доллар бөлөт

Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсына 10 млн доллар өлчөмүндө сом менен насыя берет. Эки финансы институту тең келишимге кол койгонун КРдагы Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши билдирди.

Аталган каражат бизнесин өнүктүрүү үчүн насыя ала албай кыйналып келген чакан ишкерлерге берилет. «Демир Банк» түшкөн каражатты кичи жана орто бизнести насыялоонун көлөмүн көбөйтүүгө жумшайт. Каржылоонун 25%га жакыны аялдар башкарган ишканаларга бөлүнөт.

IFC чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ИДПсынын 42%ын түзөөрүн, бирок алардын көбү банктык каржылоону алууда тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгиледи. Бул ишканалар үчүн кредиттик дефицит болжол менен 1.4 млрд долларды түзөт.

Ошондой эле IFC “Демир Банкка” ишкер аялдарга багытталган продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгууга жардам берет.

IFC менен аталган коммерциялык банктын кызматташтыгы Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (ЭӨА) Жеке секторду колдоонун механизмдерин улуттук валютада каржылоо программасынын алкагында колдоого алынат.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү