Улуттук банктын божомолунда жыл аягына чейин ИДПнын өсүшү 4.2% деңгээлинде болот

Улуттук банктын божомолунда жыл аягына чейин ИДПнын өсүшү 4.2% деңгээлинде болот

Кыргызстандын ИДПнын реалдуу өсүшү 2022-жылдын аягында болжол менен 4.2%ды, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 3.7%га жакын болушу күтүлүүдө. Орто мөөнөттүү мындай божомол Улуттук банктын үстүбүздөгү жылдын II чейрегине карата акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылды.

Регулятор Кумтөр кениндеги өндүрүштүн өсүшү 2021-жылдагы өндүрүштөн жогору болот деп болжолдоодо.

Мурдагы отчетко салыштырмалуу ИДПнын болжолу жогору өсүү жагына өзгөрдү. Бул II кварталда соода, кызмат көрсөтүү тармактарындагы өсүү темпи, продукцияларга салынган таза салыктар өткөн чейректеги күтүлгөн жыйынтыктан жогору болгондугу менен түшүндүрүлөт.

«2023-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи Кумтөрдү эсепке албаганда 3.6%дын тегерегинде, ИДПнын өсүшү 3.4%дын тегерегинде күтүлүүдө. 2022-жылы инфляция жылдын акырына карата 15.5%дын тегерегинде, ал эми орточо жылдык инфляция 14%дын тегерегинде болору күтүлүүдө. Инфляциянын деңгээлинин орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчкө кайтып келиши 2024-жылга жакын болот», — деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Ал эми КРдагы инфляция тууралуу айта турган болсок, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары да 2022-жылдын аягында анын деңгээли 15.3%га жетет деп болжолдошкон эле.

"КРнын керектөө куржунунда нан жана дан азыктарынын үлүшү 15%ды түзөөрүн эске алганда, 2022-жылдын күз-кыш айларында инфляциянын өсүшү ылдамдашы мүмкүн. Дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо баанын жогору болушу жана дүйнөлүк ташуу чынжырчасынын үзгүлтүккө учурашы буга кошумча түрткү берет. Инфляция болжол менен жыл аягына чейин 15.3%га жетиши мүмкүн", – дешкен ЕАӨБдүн талдоочулары.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү