Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү өндүрүшкө, кен казууга жана финансы секторуна тартылды - 94%

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү өндүрүшкө, кен казууга жана финансы секторуна тартылды - 94%

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (94%) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү иштетүү өндүрүш ишканаларында – 5.3  эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө – 2.8 эсеге, дүң жана чекене соодага – 2.5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларында – 18.9%га көбөйгөн. Ошол эле убакта маалымат жана байланыш ишканаларында – 14.2%га төмөндөгөн.

2022-жылдын январь-июнунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2 эсеге көбөйүп 628 млн АКШ долларды түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 145 млн АКШ долларынан ашкан.

Улутстатком ошондой эле тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылына салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүүсүнүн  көбөйгөнү белгиленди,  резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, алардын көлөмү 29.8%га кыскарганын белгиледи.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү байланыш операторун түзөт. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. "Тиешелүү келишимге кол коюлат. Бул эки өлкөнүн жарандарынын эркин жүрүү эркиндигин жана байланышын бир кыйла жеңилдетет. Бул мамлекеттер аралык санариптик күн тартибиндеги маанилүү демилгелердин бири", – деди Новиков Кыргызстан – Россия экономикалык форумунун

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу аймактарда нөшөрдөн улам 8-11-августта сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстанда 8-августтан 11-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын жаап, өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдордо коопсуздук эрежелерин сактоо, кырдаалга жараша кыймыл аракеттерди жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу зарыл. Ошондой эле айдоочуларга тоолуу аймактардагы жолдордо

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Равшанбек Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз-Россия VIII экономикалык форумунун алкагында өткөн "Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары" аталышындагы тегерек үстөлгө катышты. Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага эки өлкөнүн экономикалык багыттагы министрликтеринин, мамлекеттик органдарынын, аймактык бийлик

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан жыл башынан бери 40 миң 800 метр тор чыгарылды

Экологиялык кызматкерлер Токтогул суу сактагычында өткөн кезектеги текшерүү ишинде узундугу 300 метр балык уулоочу торду алып чыгышты. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычында 52 рейд өтүп, анын жыйынтыгында 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылган. Маалыматка ылайык,