Бул жылы дагы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүшкө ээ болду - 46.1%

Бул жылы дагы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүшкө ээ болду - 46.1%

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди (46.1%), бул өткөн жылдын деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1.4%дык пунктка төмөндөп, 37.9%ды түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 19.5%ды түзсө, айыл чарбасынын үлүшү 12.7%ды түзүп, тескерисинче, 1.5%дык пунктка төмөндөдү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 12.9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-августунда тескерисинче, 7.7%га төмөндөшү байкалган.

Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-авгутуна салыштырмалуу 3.9% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 6.1% өскөн).

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт (ИДП) алдына ала баалоо боюнча 506 млрд сомдун тегерегинде түзүлдү жана 2021-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 8%га жогорулады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 468 млрд сомду түзүп, 5.1%га жогорулады.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь-ноябрында ИДП 2.4%га жогорулоо менен 626 млрд сомду түзгөн эле. Анда да ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактардын эсебинен камсыздалган болчу.

Эскерте кетсек, буга чейин Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолунда да тейлөө чөйрөсү КРнын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот деп айтылган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол