КРнын экономикасы учурдагы кырдаалдарга карабастан быйыл 3%, келерки жылы 3.5%га өсөт - АӨБ

КРнын экономикасы учурдагы кырдаалдарга карабастан быйыл 3%, келерки жылы 3.5%га өсөт - АӨБ

Үстүбүздөгү жылдын жети айындагы туруктуу өсүүнүн жана өкмөттүн кризиске каршы планынын 2.5% деңгээлиндеги болжолдонгон шартында КРнын экономикасы ИДПга карата 2022-жылы 3%, 2023-жылы 3.5%га өсөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) билдиришти.

АӨБдүн талдоочуларынын берген отчетуна ылайык, 2022-жылдын жети айында КРнын экономикасы 7.7%га өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 17.8%ды түздү, бул негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын чыгаруу 45.6%га, жыгач жана кагаздан жасалган буюмдарды чыгаруу 27.5%га, тамак-аш жана тамеки өнөр жайында 12.9%га өсүүнүн эсебинен камсыздалган.

2022-жылдын жети айында жылдык инфляция азык-түлүккө жана энергетикага дүйнөлүк баалардын өсүшүнөн, ошондой эле март жана апрель айларында улуттук валютанын АКШ долларына карата арзандоосунан улам 13%ды түздү. Быйыл инфляция жогорку деңгээлде сакталып, бирок 2023-жылы бир аз басаңдашы күтүлүүдө.

2022-жылдын жети айында кызмат көрсөтүүлөрдүн (тейлөө тармагы) көлөмү 3.5%га өстү, өлкөгө 3.8 млн турист келгендигинин эсебине тамак-аш жана мейманкана секторундагы өсүү 12.5%ды түздү. Буудай жана арпа өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен айыл чарба продукциясынын көлөмү 8.4%га көтөрүлсө, инвестицияларды көбөйтүүнүн эсебинен курулуш 3.6%га өстү.

Бул талдоодогу келтирилген маалыматтарга ылайык, Россиянын Украинага басып кириши жана андан кийин Россия Федерациясына каршы санкциялары КРнын акча которуу, соода, инвестиция жана туризм аркылуу тыгыз экономикалык байланыштарын эске алганда, өсүү перспективаларын кыйла эле басаңдатуусу күтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын