Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткиребиз

Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткиребиз

Кечээ, 28-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров ички дүң продуктунун өсүшү боюнча эл аралык уюмдардын терс божомолдору ишке ашпаганын билдирди.

«Тышкы карызды төлөөнүн негизги бөлүгү жакындап калды, ошол эле учурда мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат. Мындан тышкары, социалдык, маданият тармагынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйүүдө.

Бардык тармактарда иш жигердүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз», – деди ал. 

Ал кошумчалагандай, глобалдык экономикалык басаңдоо менен катар глобалдык инфляция жогорку деңгээлде калууда.   

«Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын тийиштүү көлөмдөгү күнүмдүк керектелүүчү продуктулар менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана 2022-жылга пландалган 404 млрд сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу пландалып жаткандыгын кошумчалады. 

Андан соң финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Ал белгилегендей, 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө белгилөө пландалууда. Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат. Белгиленгендей, жаңы спорттук

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулуп жатат. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектеп да курулууда. Учурда курулуш иштеринин 75%ы аткарылды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын