Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сомду түзөт - Финансы министрлигинин божомолу

Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сомду түзөт - Финансы министрлигинин божомолу

2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 344 млрд сомду (ИДПга карата 37.1%) түзөт. Бул 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 52.8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Финансылык активдерди эсепке алганда чыгашалардын көлөмү 382.2 млрд сомду түзөт, анын ичинде:

  • бюджеттик каражаттар – 314.7 млрд сом
  • атайын эсептердеги каражаттар – 19.8 млрд сом
  • мамлекеттик инвестициялык фонддор – 47.6 млрд сом.

2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда, тиешелүүлүгүнө жараша 375.8 млрд сомду жана 420.3 млрд сомду түзөт.

Мындан тышкары, 2023-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 21.3 млрд сомду же ИДПга карата 2.3%ды түзөт. Аталган министрлик 2023-жылдагы тартыштыкты жабууга 21.3 млрд сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралып жатканын да кошумчалады.

  • Ички булактар боюнча 2.3 млрд сом өлчөмүндө терс сальдо бар
  • Тышкы булактар боюнча 18.9 млрд сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.

2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин профицити тиешелүүлүгүнө жараша 13.4 млрд сом жана 23.5 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Аламүдүн

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун