Сентябрда Кыргызстандын ИДПсы 7.2%га өстү - «Кумтөрсүз» 4.9%

Сентябрда Кыргызстандын ИДПсы 7.2%га өстү - «Кумтөрсүз» 4.9%

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 597 млрд сомду түздү жана 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.2%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 555 млрд сомду түздү жана 4.9%га жогорулады.

Өнөр жай

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 299 млрд сомду түздү жана өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 16.6%га жогорулады, буга себеп негизги металлдардын өндүрүлүшү (37.9%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (28.2%), мунай заттардын (13.1%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12.1%), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (5%) ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (8.7%)  өсүшү таасирин тийгизди.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалган, алардын көлөмү курулушта – 4.3%га, айыл чарбасында – 6.5%, дүң жана чекене соодада – 7.2%га жогорулады.

Баалардын өсүшү

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 10.6%ды түздү. Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 17%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12.4%га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 7.6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6.6%га өстү.

Сооданын көлөмү

КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-август айларында 7.2 млрд АКШ долларды түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 36.4%га көбөйдүмуну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36%га азайса, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1.8 эсе жогорулады.

КРнын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-августунда 2.8 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырганда 33.8%га өстү. Муну менен бирге  экспорттук жөнөтүүлөр 1.5 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27.6%га жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-август айларында Россияга (70.6%) жана Казакстанга (27.2%) туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Аламүдүн

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун