Тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211.4 млрд сомду түздү

Тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211.4 млрд сомду түздү

2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211.4 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 45.5%га же 66.1 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка таянсак, салыктык кирешелердин көлөмү каралган мезгилде 163.4 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 56 млрд сомго же 52%га өскөн.

Ал эми Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 52.9 млрд сомду түзгөн. Ɵткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 62.3 %га же 20.3 млрд сомго өскөн.

Ошондой эле Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 110.5 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелери 47.7%га же 35.7 млрд сомго өскөн.

Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү каралган мезгилде 37.7 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 5.9 млрд сомго же 18.6%га өскөн.

Расмий гранттардын түшүүсү 10.3 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 4.2 млрд. сомго көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 261 миң гектар айдоо аянтындагы түшүм жыйналды

Өлкө боюнча 261 миң гектар айдоо аянтындагы түшүм жыйналды

Кыргызстан боюнча учурда жалпы 261 миң гектар жердеги түшүм жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын ичинен: - 139 миң гектар жерден буудай; - 121 миң гектардан арпа; - 770 гектардан жүгөрү; - 200 гектардан чанактуу өсүмдүктөр жыйналды. Облустар арасында Чүй аймагы эң жогорку көрсөткүчтү

Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагында жүрүп жаткан жол жана тротуар курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач мэр А. Ганиев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын сапатын жана аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты. Бул көчөдө эки тараптуу жалпы узундугу

Нарында жайытка зыян келтирген жарандарга 45 миң сом айып салынды

Нарында жайытка зыян келтирген жарандарга 45 миң сом айып салынды

Нарын районунун Учкун айыл аймагында жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана зыян келтирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө малчылар "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасы бекиткен тартипти сактайбай, өрөөндөгү жаздоо жана кыштоо жайыттарына мал жаюуну

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын