Кумшекер, өсүмдүк майы, КММ, ун - Экономика министрлиги алардын баалары тууралуу айтты

Кумшекер, өсүмдүк майы, КММ, ун - Экономика министрлиги алардын баалары тууралуу айтты

Бүгүнкү күндө канттын баасы туруктуу, ошондуктан республика боюнча орточо эсеп менен 1 кг кумшекер 88.3 сомдон сатылууда. «Кошой» ААК заводунун дүң сатуу баасы 1 кг 79.2 сом. Республикада канттын жетиштүү запастары бар. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Өсүмдүк майы

Ошондой эле министрлик республикада өсүмдүк майынын баасы төмөндөө тенденциясына ээ экенин, сентябрь айынын башында литри орто эсеп менен 158 сомдон сатылса, октябрда орточо баа 1 литрине 155.4 сомду түзгөнүн айтат. Ири берүүчүлөрдүн орточо айлык запасы бар. Соода мекемелери өсүмдүк майын чектөөсүз сатып жатканы министрлик маалыматында айтылат.

КММ

Күйүүчү-майлоочу май (КММ) базарында баанын төмөндөшү байкалууда. Нефтетрейдерлердин айтымында, республикада КММнын жетиштүү запасы бар. Рыноктогу кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, рыноктун катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов дыйкандар түшүм арзан болуп жатканын, солярка кымбат экенин айтып нааразы болушканын билдирди.

Министрлик Нефтетрейдерлер союзу менен биргеликте КММга болгон баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча ар жума сайын баа боюнча сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш алып барып жатканын айтат.

“Республика боюнча 5-октябрга карата А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 1 литри 61.6 сомдон, ал эми дизель майы 75.8 сомдон сатылууда”, – дейт министрлик.

Социалдык маанидеги товарлардын баасы турукташып, акыркы эки айда кант, өсүмдүк майы, ун сыяктуу товарлардын баасы төмөндөөдө. Баанын төмөндөшүнө мамлекет тарабынан көрүлгөн бир катар чаралар, атап айтканда, КНСти нөлгө түшүрүү, ошондой эле экспортко тыюу салууну киргизүү таасир эткен.

Ун

Мындан тышкары, кумшекерди сатуу боюнча өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, чекене түйүндөр, ошондой эле ун өндүрүү жана сатуу боюнча ун тартуучулар ассоциациясы менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн.

Акыркы келишимдер баалардын абалына оң таасирин тийгизгендиктен, бүгүнкү күндө 1-сорттогу ундун 1 кг 43.5 сомдон сатылып алынышы мүмкүн.

Көмүр

Көмүр рыногунда көмүрдүн орточо баасы 1 тоннасына 5 миң 241 сомду жана импорттук көмүрдүн 1 тоннасына 6 миң 125 сомду түзүп жатканын Экономика министрлиги кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын