Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түздү

2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13.5%га өстү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди.

Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10.8%га жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12.5%га төмөн болду.

Эскерте кетсек, жылдын башында Кыргызстанда жашоо минимуму 6 813 сомду түзгөн болчу.

  • КРнын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65%ды, азык-түлүк эмес товарлар – 16%ды, кызмат көрсөтүүлөр – 17%ды жана салыктар 2%ды түзөт.

Ал эми 2022-жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 10.6%га жеткен.

Эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы кымбаттап, ал 17%га чейин көтөрүлгөн, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12.4%га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 7.6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6.6%га өскөн. Ошондой эле баалардын (15%) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн