Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести чукул колдоо долбооруна 280 млн сом бөлдү

Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести чукул колдоо долбооруна 280 млн сом бөлдү

Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо максатында 10 коммерциялык банкка 280 млн сом которду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Каражаттар пандемиядан кийинки кризистен чыгууда микро, кичи жана орто ишканаларды колдоо үчүн “Өзгөчө кырдаалдарда жеке жана финансы секторун колдоо” долбоорунун алкагында которулган.

Кредиттик жана гранттык каражаттар Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан бөлүнгөн. Долбоордун суммасы 72 млн доллар же 6 млрд сомду түзөт. Финансы министрлиги каржылоонун көлөмүн дагы 50 млн долларга көбөйтүү боюнча макулдашууга ниеттенүүдө.

Долбоор айыл чарбасынан башка ишкердикти колдойт жана каржылайт. Каржылык жардам сом менен, пайызсыз кайтаруу шартында берилет.

Долбоордун катышуучулары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат бериши керек, ошондой эле эки категорияга бөлүнгөн төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

  • жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер. Алар 18 айга чейин 250 миң сомго чейин жардам ала алышат
  • жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. Аларга 18 айга чейин 1 млн сомго чейин жардам көрсөтүлөт.

Коммерциялык банктардын ичинен тандоо жүргүзүлүп, төмөндөгү банктар менен келишимдер түзүлдү:

  • «Айыл Банк»
  • «РСК банк»
  • «Керемет Банк»
  • «Доскредобанк»
  • «Халык Банк Кыргызстан»  
  • «ФинансКредитБанк»
  • «Банк Азии»
  • «Коммерческий банк Кыргызстан»
  • «Кыргызкоммерцбанк»
  • «Бакай банк»
  • «Капитал банк».

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн