Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 42.8%ды түзөт

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 42.8%ды түзөт

2022-жылдын 1-январына карата КРда 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштеп жатканы такталган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 430 миңден ашык жеке ишкер жана 467 миңден ашуун дыйкан чарбалары бар.

2021-жылы дыйкан чарбаларды кошпогондо чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны 523 миңге жакын адамды же экономикада иштегендердин жалпы санынын 20.5%ын түзөт.

Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 309.5 млрд сомду же ИДПнын 42.8%ын түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчы шаарында аянты 3,1 гектарды түзгөн этнопарк курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн кире беришин көрктөндүрүү жана туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Этнопаркта Кыргызстандын жети дубанынын өзгөчөлүгүн, кыргыздын улуттук колоритин, маданиятын чагылдырган жайлар жана экспозициялар орун алат. Кире бериш бөлүгүнө "

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгына кабылган жаранга ОСАГО полиси боюнча 125 миң 200 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, полис жол кырсыгынан улам үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдардын мыйзамда белгиленген тартипте ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арча суу сактагычынын жээгине мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Текшерүүгө интернет булактарында тараган маалымат негиз болгон. Жыйынтыгында Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары,