Өлкөдөгү жеке ишкерлердин көбү Ош облусунда - 86.3 миң

2022-жылдын 1-январына карата КРнын аймагында 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар, 430 миң жеке ишкерлер, ошондой эле 467 миңден ашык дыйкан чарбалары иштеп жатат. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

2021-жылдын отчетуна ылайык, региондор боюнча жеке ишкерлердин эң көп саны Ош облусунда – 86 миң 339 жеке ишкер (Ош шаарынын өзүндө – 36 миң 638) катталган. Андан кийинки орунда Бишкек шаары (48 миң 990) жана Ысык-Көл облусу (48.5 миң) турат.

Республика боюнча кичи ишканалардын эң көбү Бишкек шаарында – 10 миң 200, Чүй облусунда – 2 миң 211, Ошто – 1 миң 29 катталган.

Орто ишканалардын да эң көбү борбордо – 450, Чүй облусунда 108, Ошто – 54 жана Ысык-Көлдө – 53 жайгашкан.

Ал эми эң көп фермердик чарбалар Ош облусунда – 131 миң 99, Жалал-Абад облусунда – 107 миң 99, Чүй облусунда – 67 миң 976 катталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты