Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 млрд 200 млн долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 млн доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.

“Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев аталган фондду түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун жактыруу үчүн аны комитеттин кароосуна алып келген.

Жыйында депутаттар түрдүү суроолорду берип, министр менен кызуу талкууга алышкан. Комитеттин мүчөлөрү бул каражат кайрадан эле “белгилүү эле адамдарга” берилип, катардагы жарандар алууга мүмкүнчүлүгү болбой турганын, аталган фонддун юридикалык жактарын, айтсак, “бул фондбу же холдингпи”, “ким ээлик кылат” деген сыяктуу талкуулар болгон.

“Өнүктүрүү фонддун уставдык капиталы 100 млн доллардын тегерегинде болот. Келечекте 1 млрд долларга жете турган мүмкүнчүлүгү бар. Бул Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду иштеген принципте иштейт, болгону акча каражаты эмираттарда болот, келген долбоорлор жактырылган күндө кредит түрүндө 4-5% менен берилет”, – деген Амангельдиев каражат социалдык долбоорлорго берилбей турганын белгилеген.

Ошондой эле Амангельдиев Финансы министри менен Улуттук банктын төрагасы БАЭге барып келишкенин, алар фонддун жетекчилиги менен жолугушуп, макулдашканын, президенттин жакынкы күндөрдөгү расмий иш сапарында бул келишимге кол коюлат деп умүттөнүп турушканын кошумчалаган эле.

“Башкармалыкта үчөө кыргыз тараптан, экөө эмираттан, ал эми фонддун кеңешинде үчөө алардан, экөө кыргыз тараптан болот. Анткени негизги акча каражаты араб фондусунан берилет”, – деген ал.

Кошумча окуңуз:

КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт

Финансы министрлиги сырттан келген инвестицияларга кепилдик берет, бирок кантип? – комитеттеги талкуу

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз