Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

КРда 2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15.5%дан төмөндөп 14.9%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРда ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам 7.2%ды түзгөн.

Кыйла жогорку өсүш арым өнөр жай, айыл чарба менен кызмат көрсөтүү секторунда катталган. Тышкы чөйрө дүйнөдөгү инфляциялык процесстердин күчөшүнүн алкагында глобалдуу финансылык шарттардын катуулашы менен мүнөздөлөт.

“Керектөө бааларынын учурдагы өсүшү, негизинен, монетардык эмес мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялар рыногунун таасири сыяктуу эле, Кыргызстандын экономика түзүмүнүн таасирин, анын ичинде жогорку деңгээлде импортко көз карандылыкты чагылдырат”, – дейт регулятор.

Улуттук банк Кыргызстанда акча-кредиттик шарттар олуттуу деле өзгөргөн эмес жана катуулатылган бойдон турганын, акча жана валюта рынокторундагы жагдай туруктуу экенин белгиледи.

“Келечекте глобалдуу экономикалык өнүгүү сыяктуу эле, регионалдык экономикалык өнүгүүдө да белгисиздик сакталып турат, ал КРда андан аркы экономикалык процесстерди алдын ала аныктаган фактор болуп саналат. Ички суроо-талаптын, анын ичинде эмгекке жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кеткен мамлекеттик чыгашалардын өсүшүнүн эсебинен калыбына келиши, мурдагыдай эле, инфляциянын динамикасына өз салымын кошот”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары 2022-жылдын аягында КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп болжолдошкон эле. Ал эми буга чейин Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15.5%дын тегерегинде болорун божомолдогон болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз