Быйыл Кумтөрдөн 11.8 тонна алтын сатылып, андан 680 млн доллар түшкөн - компаниянын отчету

Быйыл Кумтөрдөн 11.8 тонна алтын сатылып, андан 680 млн доллар түшкөн - компаниянын отчету

2022-жылдын тогуз айында Кумтөр 11 805.37 кг (379 551 унция) алтын сатты. Бул тогуз айда алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 679.8 млн долларды түздү.

Мындай маалымат кечээ, 2-ноябрда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды.

2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде каралгандай, Кумтөр кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилип чыгуу үчүн «Кыргызалтын» ААК тарабынан сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга эксклюзивдүү укук «Кыргызалтын» ААКсына гана таандык.

2022-жылдын башынан бери мурда казылып алынган рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен, алтын өндүрүүнүн көлөмү 2021-жылдын тогуз айында казылып алынган 292 970 унцияга салыштырмалуу 33%га өсүп, 389 357 унцияны түздү.

Компания өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшү биринчи кезекте комбинатка берилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушуна, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болгонун айтат.

Отчетто айтылгандай, 2022-жылдын тогуз айында фабрикага ар кандай сорттогу кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы 3.40 г/т, рудадан алтынды алуу 79.2%ды түздү, ал эми ушул эле мезгилде 2021-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 2.72 г/т жана 71.8%ды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз