Тогуз айда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү - жыл аягына чейин план 404 млрд сом

Тогуз айда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү - жыл аягына чейин план 404 млрд сом

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында быйылкы тогуз айын жыйынтыгы жана кийинки үч жылга карата республикалык бюджеттин күтүлгөн пландары тууралуу маалымат берүүдө.

Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 503.4 млрд сомго пландалууда.

“2021-жылы бир жылда 313 млрд сомго чыгардык, 65 млрд сомго көбүрөөк болду. 2020-жылды 2010-жыл менен салыштыра турган болсок, он жылда 96 млрд сомдон, 248 млрд сомго араң көтөргөнбүз.

2022-жылы 404 млрд сомго чыгарабыз деп турабыз, же 2021-жылга салыштырганда 91 млрд сомго өсүш көбүрөөк болот. Өткөн жылы өсүү темпи 126%ды түзгөн, 2022-жылы болсо, 129%ды түздү”, – деди ал.

Ошондой эле Жапаров 2023-жылы 99 млрд сомго өсүү болорун же өсүү темпи 124%ды түзөрүн күтүп жатканын белгиледи.

“Пландалган 400 млрд сомго жетиш үчүн, күнүнө майрамга карабай, 1.1 млрд сомду таап, аны экономикага киргизип турушубуз керек. Ал эми 500 млрд сомду мойнубузга алганда, күнүнө 1.3-1.5 млрд сом табышыбыз керек.

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү, жылдын аягына чейин 404 млрд сомго жетебиз деп турабыз”, – деди минкабдын төрагасы.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз