Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 12.1%ды түздү - азык-түлүк, товарлар, тейлөө кымбаттады

2022-жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө белгиленди. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда Улутстаткомдун маалыматында айтылды.

2022-жылдын октябрында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (17.2%) Казакстанда катталган, тамак-аш азыктарынын эсебинен (анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге) 21.2%га жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 12.6%га жогорулаган. Беларусь Республикасында азык-түлүк эмес товарларга баанын максималдуу өсүшү – 16.8%га байкалган.

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда 12.1%га жетти. Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты