Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды

Банктардын кредиттик портфели 2022-жылдын сентябрь айынын аягында 194 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 7%ды түзгөн жана экономикада дедолларизация уланууда.

“Банктардын кредиттик портфели сентябрдын аягында 194 млрд сомду түздү, жылдын башына салыштырмалуу 6.8%га көбөйдү. Анын ичинде кредиттик-портфелде сомдун сомдун көлөмү 149.8 млрд сомду, жылдын башына караганда 14.4%га жогорулады. Ал эми доллардын көлөмү 12.5%га кыскарды, дедолларизация экономикада уланып жатат”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал экономикада акча жүгүртүүнүн көлөмү ИДПга карата 47%ды түзгөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, “КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык