Кыргызстандыктардын 64%ы салык төлөөнү маанилүү деп эсептебейт

Кыргызстандыктардын 64%ы салык төлөөнү маанилүү деп эсептебейт

2022-жылы салык төлөө боюнча кыргызстандыктардын пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, калктын басымдуу бөлүгү салык милдеттенмелерин аткарууга олуттуу мамиле жасабайт. Мындай маалымат Улуттук салык форумунда айтылды.

“Борбордук Азия университети 2022-жылы чакан изилдөө жүргүзгөн. Суралгандардын 36%ы Кыргызстанда салык төлөөнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз деп жооп беришти. Бирок эмнегедир негизги масса (64%) антип ойлобойт экен”, – дейт президенттик аппараттын изилдөө, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Вячеслав Пак.

Эксперт кыргызстандыктар салык төлөө боюнча өтө кеч — 16 жашында жогорку класста гана билишерин түшүндүрдү. Мындан тышкары, бул маселеге өтө аз – мектепте бир гана саат убакыт бөлүнөт.

“Салык маданияты жагынан адамда жоопкерчиликти, патриоттуулукту ойготуу үчүн бул аздык кылат деп эсептейм. Мен бир маанилүү нерсени айткым келет: адам мамлекеттен өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга моралдык укугу болушу үчүн, ал салыкты өзү төлөп, мамлекет алдындагы милдеттенмелерин аткарышы керек”, – деп эсептейт эксперт.

Пак ошондой эле салык маданиятынын системалуу өсүшү менен потенциалдуу салыктык кирешелер да көбөйөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык