Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат - ЕӨБдүн божомолу

Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат - ЕӨБдүн божомолу

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) банкка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы боюнча жаңыланган болжолун жарыялады. Финансы институтунун эксперттери келерки жылы Кыргызстанда инфляция басаңдайт деп күтүшүүдө.

Банктын талдоочулары бул жылы өлкөдө баалардын өсүшү 14%ды түзөрүн, бирок келерки жылы ал 5.2%, 2024-жылы 4.8%га төмөндөй тургандыгын божомолдошууда. Ошол эле учурда ЕӨБ Кыргызстандагы анча-мынча инфляциялык тобокелдиктерди жокко чыгарбай тургандыгын да белгилейт.

Үстүбүздөгү жылы 1 доллардын орточо жылдык алмашуу курсу 83.7 сом деңгээлинде болжолдонууда. ЕӨБ 2023-жылы ал болжол менен ушул эле деңгээлде (1 доллар – 83.3 сом) кармаларын билдирди. Бирок 2024-жылы улуттук валюта – сом алсырап, 1 доллар 85 сомдон да жогору көтөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.

«Бул [2023-жылы сомдун курсун турукташтырууга] жарым-жартылай КР Улуттук банкынын акча-кредит саясаты көмөктөшөт. Узак мөөнөттүү келечекте фундаменталдык факторлордун аракети сомдун курсунун төмөндөшүнө алып келет, жылына болжол менен 2%га көбөйөт», – деп айтылат ЕӨБдүн божомолунда.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжай районунда сууга чөгүү учурларын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана 2026–2027-окуу жылына даярдык боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Жыйынды райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Мирланбек Айтматов өткөрдү. Ага билим берүү, маданият, ички иштер бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкек шаардык мэриясында өткөн аппараттык жыйында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылындагы ишинин жыйынтыгын сунуштады. Башкармалыктын маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде борбор калаада мыйзамсыз орнотулган 6 163 объектдемонтаждалган. Жыйында шаар мэри Айбек Джунушалиев башкармалыктын ишинин оң жыйынтыктарын белгилөө менен бирге, негизги көрсөткүч түзүлгөн протоколдордун же өндүрүлгөн айып пулдардын

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Михаил Мишустин Кыргызстанга келет

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жакынкы күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келип, Eurasian Economic Unionнын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Мишустин бул тууралуу Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак менен болгон жолугушууда билдирген. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

“Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Өзгөртүүгө ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан жерине карабастан мамлекеттик турак жай программасына катышууга укук алышты.  Мунун негизинде алар өлкөнүн кайсы аймагында кызмат өтөп жатканына карабастан турак жай