Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ

Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ

Евразия өнүктүрүү банкы үстүбүздөгү жылдын IV кварталында Кыргызстандын экономикасынын төмөндөөсүн болжолдоодо. Натыйжада, 2022-жылы КРнын ИДПсы 3.1% гана өсөт.

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) банк иштеген өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнүн такталган болжолун жарыялады. ЕӨБдүн талдоочулары 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсы 3.1%га өсөт деп болжолдошууда. Май айындагы болжолдоолор менен салыштырганда, божомол көбүрөөк экономикалык өсүшкө карай жылганы байкалды.

Кайра карап чыгуу Россиянын ИДПсынын кыскарышы жана Казакстандын экономикасынын олуттуу өсүшү менен байланыштуу – эки өлкө Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү. Маалыматта КРнын товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө чет элдик жарандардын суроо-талабынын күтүүсүз өсүшү да ИДПнын өсүшүнө түрткү болду деп айтылат.

ЕӨБ эксперттери алтын өндүрүү тармагын Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткычы деп аташат. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу дээрлик 38%га өскөн.

Ошол эле учурда ЕӨБ эксперттери 2022-жылдын төртүнчү чейрегинде Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи басаңдашы мүмкүн экенин жана ага алтын өндүрүүчүлөр да себеп болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

“Жылдын аягында ИДПнын өсүшүнүн басаңдашы күтүлөт, бул негизинен Кумтөр кенинде алтындын бирдей эмес өндүрүшүнө байланыштуу. IV кварталда алтынды өндүрүү өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги жогорку көрсөткүчтөрдүн фонунда төмөндөйт. Алтынды өндүрүү боюнча божомолдор жогорку деңгээлдеги белгисиздикке кептелет”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Караколдо олимпиадалык бассейни бар спорт комплекси курулуп жатат

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жолдун 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, суу агызуучу

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду. Эми крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелерде пайда болгон биологиялык калдыктарды (органдар жана ткандар) санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат. Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжайда балдардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Кадамжай районунда сууга чөгүү учурларын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана 2026–2027-окуу жылына даярдык боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Жыйынды райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Мирланбек Айтматов өткөрдү. Ага билим берүү, маданият, ички иштер бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын