Кыргызстанда көмүскө экономиканын расмий эсептелген көлөмү 21% түздү

Кыргызстанда көмүскө экономиканын расмий эсептелген көлөмү 21% түздү

Кыргызстанда өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 2021-жылы 155 млрд сомду же ИДПга карата 21%ды түздү. Мындай маалыматты Улутстатком жүргүзгөн талдоолоруна таянып билдирди.

2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын ИДПга карата үлүшү мурунку жылга салыштырмалуу 0.2%дык пунктка жогорулаган. Бул чекене соода, мейманканалар жана ресторандар, ошондой эле иштетүү өндүрүшү тармактарындагы үлүштѳрдүн жогорулашы менен шартталган.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү
  (ИДПга карата пайыз менен)

2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 2.6%дык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода тармагынын үлүшүнүн (3%дык пунктка) кыскарышы менен шартталганын Улутстатком билдирди.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн  экономика*
  (ИДПга карата пайыз менен)

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи