Өнөр жай өндүрүшү Кумтөрдүн эсебинен 14%га өстү

Өнөр жай өндүрүшү Кумтөрдүн эсебинен 14%га өстү

Кыргызстанда январь-ноябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га өсүп, 383 млрд 209 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кумтөр кенин иштетүүнү эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 226.1 млрд сом деңгээлинде гана катталып, өсүү темпи 3.9%ды гана түзгөн.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашты.

Оң тенденция негизги металлдарды (+30%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (29.3%) эсебинен камсыздалды. Ал эми ага кошумча мунайзат (14.4%), тамак-аш жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11.2%), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (5.9%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8.5%) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 14%га көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи