Улуттук банк ири валюталык интервенция жасап, банктарга 87.5 млн доллар сатты

Улуттук банк ири валюталык интервенция жасап, банктарга 87.5 млн доллар сатты

Кечээ, 20-декабрда Улуттук банк банктарга 87.5 млн доллар өлчөмүндө АКШ долларын сатуу менен быйылкы жылдын эң ири интервенциясын жүргүздү. Интервенция АКШ валютасына болгон суроо-талапты канааттандыруу, валюта рыногун кандыруу максатында жасалган.

2 млн долларды сатуу бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган. Банктар дагы 85.5 млн долларды кийинчерээк алышат – бул бүтүмдөр интервенция күнүнөн башка дата менен түзүлгөн.

Белгилей кетсек, быйыл бул Улуттук банктын АКШ долларын сатуу боюнча сегизинчи интервенциясы. Буга чейин Улуттук банк январь, февраль, март, ноябрь жана декабрь айларында чет элдик валютаны саткан.

Ал эми бул жылы АКШ долларын сатып алуу үчүн жети тескери интервенция жасалып, алар март, май жана июнь айларында өткөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Бишкектин Кашка-Баш айылына 750 орундуу мектеп салынууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарына караштуу Кашка-Баш айылында 750 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы план боюнча мектептин

ШКУ форумунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

ШКУ форумунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын өкүлү, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында өттү.

MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбеков 7 жылга соттолуп, Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin  иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-майда  чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты. Соттун өкүмүнө ылайык, Юруслан Тойчубеков күнөөсүз деп табылып, акталган. Исрадин Субанбеков күнөөлү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана эки жылдык мөөнөткө виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7 жылга

Жараталышты коргоо кызматтарына 15 унаа тапшырылды

Жараталышты коргоо кызматтарына 15 унаа тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына жаңы унааларды тапшырды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, салтанаттуу иш-чаранын алкагында экологиялык кызматтарга JAC маркасындагы 15 унаа өткөрүлүп берилди. Унаалар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү: Экологиялык жана техникалык