«Күн Булагы» деп аталган казак-кыргыз биргелешкен ишканасы түзүлдү - 35 млн долларлык күн электр станциясы курулат

«Күн Булагы» деп аталган казак-кыргыз биргелешкен ишканасы түзүлдү - 35 млн долларлык күн электр станциясы курулат

Күн электр станциясын куруу боюнча «ТазаЭнерджи» Улуттук энергетикалык холдинг ААКтын туунду компаниясы менен «Казакстандын TGS-Energy Ltd» инвестициялык компаниясынын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ысык-Көл облусунда 50 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу үчүн «Күн Булагы» ЖЧК биргелешкен кыргыз-казак ишканасын түзүү боюнча уставдык документтерге кол коюлду.

Биргелешкен ишкана КРнын аймагында жалпы кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. ЖЭС долбоорунун жалпы наркы 50 МВт.

“Тору-Айгыр” долбоору 35 млн АКШ долларды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 80 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

50 МВт күн станциясын куруу боюнча биринчи долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында ишке ашыруу пландалууда. 50 МВт «Тору-Айгыр» күн электр станциясынын курулушунун биринчи этабын бүтүрүү 2023-жылдын декабрына пландаштырылган жана анын кызмат мөөнөтү 25 жылдан ашык болот.

“Келечектеги күн станциясы электр тармагын кеминде жылына 90 млн кВт/саат энергия менен камсыздайт. Күн электр станциясын куруу КРнын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда колдонулган бетондун бекемдиги атайын көчмө лабораториянын жардамы менен текшерилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Баткен облусунун Кадамжай районундагы Эшме айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда бетондун бекемдигин текшеришти. Министрликтин маалыматына

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче өскөн. Май айынын аягына карата өлкөнүн

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк чыгарган жаңы алтын коллекциялык монета өлкөнүн нумизматика тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя болуп калды. Баасы 99 миң 460 сом болгон бул монета расмий төлөм каражаты макамына ээ. Бирок аны нумизматикалык баалуулук катары баалагандар күнүмдүк төлөм үчүн эмес, көбүнчө коллекциясын байытып, инвестиция жасоого же

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга, ошондой эле алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мораторий күчүнө кирсе, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек араларын өзгөртүүгө, аянтын