Комбанктар уставдык капиталын 2026-жылга карата 1 млрд сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилет

Комбанктар уставдык капиталын 2026-жылга карата 1 млрд сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилет

2026-жылга чейин бардык коммерциялык банктар уставдык капиталын кеминде 1 млрд сомго чейин көбөйтүүсү керек. Мындай токтом долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордо чет элдик банктар уставдык капиталын 1 млрд сомго, чоң банктар 2 млрд сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилери айтылат.

Капиталды көтөрүү эки этап менен ишке ашат:

  • 2024-жылдын 1-июлуна чейин – 800 млн сом
  • 2026-жылдын 1-июлуна чейин – 1 млрд.

Эске салсак, азыркы мыйзамдарга ылайык, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 600 млн сом деп белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда колдонулган бетондун бекемдиги атайын көчмө лабораториянын жардамы менен текшерилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Баткен облусунун Кадамжай районундагы Эшме айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда бетондун бекемдигин текшеришти. Министрликтин маалыматына

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче өскөн. Май айынын аягына карата өлкөнүн

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк чыгарган жаңы алтын коллекциялык монета өлкөнүн нумизматика тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя болуп калды. Баасы 99 миң 460 сом болгон бул монета расмий төлөм каражаты макамына ээ. Бирок аны нумизматикалык баалуулук катары баалагандар күнүмдүк төлөм үчүн эмес, көбүнчө коллекциясын байытып, инвестиция жасоого же

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга, ошондой эле алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мораторий күчүнө кирсе, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек араларын өзгөртүүгө, аянтын