Айрым айыл чарба продукциялары үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды

Айрым айыл чарба продукциялары үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды

Министрлер кабинетинин өткөн жылдын аягындагы токтомуна ылайык, өсүмдүк майын, тоок жумурткасын, дан эгиндерин, тоют азыктарын, арпа, ун жана ушул сыяктуу айыл чарба азыктарын импорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын кескин тартыштыгын болтурбоо максатында, 2022-жылдын аягында “КРда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин КР аймагына ташылып келинген жана импорттолуучу товарлар үчүн КНСтин нөл пайыздык ставкасы белгиленди. 

Бул чечим жеткирүүчүлөргө, импорттоочуларга тизмеде көрсөтүлгөн товарларды салыктын нөлдүк ставкасы менен КРнын аймагына ташып келүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде кыскартуу багытында керектөөчү үчүн акыркы баага олуттуу таасирин тийгизет. Тизмеге кайсы азыктар кирет бул жерден көрүүгө болот.

КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген КРнын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана көрсөткүчтөрү жөнүндө жобого ылайык, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги продукциялар бул таблицада аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имаратында капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында 3-августта саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,