Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга катышат

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга Казакстан менен Өзбекстан расмий түрдө кошулду. Үч мамлекеттин Энергетика министрлери аталган ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту.

2023-жылдын 6-январында КРнын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, үч тарап Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту.

Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол коюшкан.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КР Энергетика министри Ибраевдин айтымында, ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.

“Бүгүн биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт”, – дейт министр.

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты