Үч жылдын ичинде комбанктардын депозиттик базасы 173.3 млрд сомго көбөйдү

Үч жылдын ичинде комбанктардын депозиттик базасы 173.3 млрд сомго көбөйдү

2022-жылдын ноябрь айынын аягында коммерциялык банктардын депозиттик базасы 327 млрд сомдон ашты. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери ал 173.3 млрд сомго өскөн.

Отчеттук мезгилде чет өлкө валютасындагы депозиттер дээрлик үч эсеге өстү: 2020-жылдын январындагы 59.1 млрд сом болсо, 2022-жылдын ноябрында ал 153.8 млрд сомго чейин жетти.

Улуттук валютадагы депозиттер дээрлик эки эсеге – 99.7 млрд сомдон 173.1 млрд сомго чейин өстү.

Сомдук салымдардын пайыздык чендери дээрлик өзгөргөн жок жана ал орточо 5.7% деңгээлинде калган. Чет өлкө валютасындагы депозиттердин орточо пайыздык чендери 1.1%дан 0.6%га чейин төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имаратында капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында 3-августта саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,