2022-жылы Россиядан КРга которулган акчанын көлөмү 5.7%га өстү

Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Россиядан Кыргызстанга 2.6 млрд доллардан ашык акча которулду. Ал эми 2021-жылдын ушул эле мезгилинде болсо өлкөгө болгону 2.4 млрд доллар түшкөнүн Улуттук банк билдирди.

Мындан тышкары, Улуу Британиядан накталай которулган акча 1 млн доллардан (2021-жыл) 5 млн долларга чейин, Германиядан 860 миң доллардан 4.1 млн долларга чейин жана АКШдан келген акча 39.4 млн доллардан 50 млн долларга чейин көбөйгөн.

Жалпысынан бул мезгилде акча которуулардын көлөмү 2.7 млрд доллардан ашса, 2021-жылы келген акча 2.5 млрд долларды түзгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты