Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифи да өзүн өзү актабай жатканын билдирди

Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифи да өзүн өзү актабай жатканын билдирди

Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда электр энергиясы эле эмес, ичүүчү суунун тарифи да абдан арзан болуп, ал өзүн өзү актабай жатканын Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ирригациялык тутумдун иши дагы олутуу кайра жаңыртууга муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абал көрсөткөндөй муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат.

“Анткени, ичүүчү сууга болгон тарифтин төмөндүгүнөн өзүн-өзү актоодо кыйынчылык жаралууда. Атап айтканда, суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын.

1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет”, – деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев министрлер кабинети кийинки жылы бул көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иш алып бара тургандыгын, ал үчүн ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштар, жоболор, укуктук документтер даярдаларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын