«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз?

«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз?

Бүгүн, 1-февралда «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчисинин экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров маалымат жыйынында ишкананын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, эмнеге газ менен камсыз кылуу толук бүтпөй жаткандыгы, өзүн өзү актабаган тарифтери тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, «Кыргызгазды» Кыргызстан 2013-жылы Россияга символикалык түрдө 1 долларга сатып жиберген. Натыйжада, келишимге ылайык, «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыздоо, газ түтүктөрүн оңдоо сыяктуу бир катар милдеттенмелерди мойнуна алган.

«Газпром Кыргызстан» «Кыргызгазды» эмнеге 1 долларга сатып алганын айтты

«Газпром Кыргызстандын» өкүлүнүн айтымында, 1990-жылдан 2013-жылга чейинки мезгилде «Кыргызгаз» ААК иштеп жаткан мезгилде газды керектөө он бир эсеге (же 91.4%га) — 2.4 миллиарддан 207 млн ​​куб метрге чейин кыскарган. Ал эми ошол эле учурда газдын тарифи 2013-жылга карата 2005-жылдан бери дээрлик беш эсеге, 3.1 сомдон 15 сомго чейин (өсүү 385%) жогорулаган.

Алдаяровдун билдиришинче, «Кыргызгаз» иштеген мезгилде бир дагы километр газ түтүгүн тартпай, тогуз айга чейин түштүктө газды өчүрүп турган. 2013-жылга карата компаниянын тышкы карызы 65 млн долларды түзгөн.

«Ошентип 2013-жылы «Кыргызгазды» тышкы инвесторго — «Газпромго» сатуу чечими кабыл алынган. Сатууга чейин аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында «Кыргызгаздын» терс баасы — 65 млн долларга жакын экени аныкталган.

Эл аралык практикага ылайык, соода-сатык бүтүмүн түзүүдө келишимде компаниянын минус наркын белгилөө мүмкүн эмес. Минималдуу оң маани алынып, ал болгону 1 долларды түзгөн», — деди Алдаяров.

Алдаяров ошондой эле компанияны сатып алгандан кийин «Газпром» «Кыргызгаздын» карызын төлөп, бүтүм түзүлгөн күндөн тартып беш жыл ичинде кеминде 20 млрд рубль инвестиция салуу милдетин алганын кошумчалады.

«Тагыраак айтканда, «Кыргызгазды» шарттуу 1 долларга эмес, ушул 65 млн долларга жана кошумча 20 млрд рублга сатып алышкан», — деп жыйынтыктады компаниянын өкүлү.

«Газпром» милдеттенмелерин аткарып жатабы?

Маалымат жыйынында Алдаяров «Газпром Кыргызстан» компаниясы сегиз жылдан бери газдын пайдасыз тарифин кармап келе жаткандыгын айтат.

«Эгерде керектөө тарифи жаратылыш газын сатып алуу жана аны ар бир абоненттин от жагуучу жайына жеткирүү чыгымдарын толук жаап, анын 1 куб метри 19.9 сомдон болсо, анда газдаштыруу темпин бир топ тездете алабыз», — дейт Алдаяров.

Ошондой эле ал «Газпром Кыргызстан» КРнын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жаатында өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча бардык милдеттенмелерин аткарып жатканын белгиледи.

КРнын газ системасына 30 млрд сом салган

«Газпром Кыргызстандын» өкүлү Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого инвестициянын көлөмү 20 млрд сомго жеткенин, пландалгандан 1.5 эсеге ашып кеткенин айтты.

Ошентип компания жалпысынан Кыргызстандын газ тармагын калыбына келтирүүгө 30 млрд сом жумшалганын билдирди.

Бирок Кыргызстандын бийлиги компанияга кошумча дагы 700 млн сом карыз

Жогорку Кеңештин ушул жылдын январындагы жыйынында Алдаяров Кыргызстандын бийлиги компанияга кошумча 700 млн сом карыз экенин, бул өз кезегинде газдаштырууну кечиктирип жатканын билдирген болчу.

Жыйында депутат Алишер Козуев «Газпром Кыргызстан» компаниясы «Кыргызгазды» 1 долларга алгандан бери кандай иш аткарылганына кызыккан.

Алдаяров компания газификация боюнча генералдык схема иштеп чыкканын, анын мөөнөтү 2030-жылга чейин каралганын билдирген.

«Ошол схемада Кыргызстандын газ менен камсыз болуусун 60%га көтөрөбүз деп каралган. Быйылкы план менен Бишкекте беш жаңы конуш, Чүй облусунда эки калктуу конушка — 6 миң абонентке газ берилет.

Советтер Союзунда курулган 2 миң 800 чакырымга беш жылдын ичинде 1 миң 200 газ түтүктөрүн куруп бердик. Андан тышкары, газ бөлүштүрүүчү станцияларды да куруп бүттүк.

Бирок экономикалык фактор да болуп жатат, ал жагынан биздин тариф өздүк наркынан ылдый коюлган. Пайдасыз тариф менен алты жылдан бери иштеп келе жатабыз. Өкмөт тараптан чоң карыздар да бар, ал карыздар 700 млн сомго жакындап калды. Биздин 1 жылдык инвестициялык программабыз 1 млрд сом, ошонун 700 млн сому карызда турат», — деген «Газпром Кыргызстандын» өкүлү.

Учурда Кыргызстандагы газдаштыруу 38%ды гана түзөт

Мындан тышкары, Алдаяров бүгүнкү күндө Кыргызстанда газдаштыруу 38%ды түзөрүн билдирди. Сегиз жылдын ичинде «Газпром Кыргызстан» 42 турак жай массивдерин газдаштырган, анын 27си Бишкек шаарында, 14ү Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында.

Жогоруда айтылгандай компания өлкөнүн газификация деңгээлин 60%га көтөрүү милдеттенмесин алган жана ал 2030-жылга чейин уланаары күтүлүүдө.

Жакында кайсы аймактарга газ жетет?

«Газпром Кыргызстан» ишканасы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 11 жаңы объектиге газ берүүнү пландаштырууда.

Жыйында берилген маалыматка ылайык, төмөнкү турак жай конуштарын газдаштыруу пландаштырылууда:

  • «Кырман» конушу
  • «Ала-Арча» конушу
  • «Бакай-Ата» конушу
  • «Ак-Тилек» конушу
  • «Ак-Тилек 2» конушу
  • «Ак-Тилек турбаза» конушу
  • «Жогорку Көк-Жар» №20 кварталы
  • «Попеновка» №83 кварталы
  • «Товарная» №6 кварталы
  • Селекционное айылы
  • Новопавловка айылы.

Ал эми Бишкекти толук газдаштыруу үчүн 4 млрд 150 млн сом керек. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 турак жай конушунун 27си газдаштырылды. Борбор калаада газдаштыруунун орточо деңгээли 67%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам