«Кумтөр» жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин 1.9 млн долларга каржылаган — Эсеп палатасы

«Кумтөр» жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин 1.9 млн долларга каржылаган — Эсеп палатасы

Эсептөө палатасы 2021-жылдын майынан 2022-жылдын июнь айына чейин “Кумтор Голд Компани” ЖАК убактылуу сырттан башкаруу мезгилиндеги иштерине аудит жүргүзгөн. Аудитте “Кумтөрдүн” каражатынан “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКына бир канча долбоорлорду ишке ашырууга 1.9 млн доллар которулуп, бирок алардын эч бири ишке аша электиги аныкталган.

Эсептөө палатасынын отчетуна таянсак, убактылуу тышкы башкаруу мезгил аралыгында “Кумтөр Голд Компани” тарабынан Улуу Көчмөндөр Мурасынын” чыгымдары 1.9 млн долларга каржыланган.

“Холдинг тарабынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКыны каражаттарынын эсебинен 32 долбоор ишке ашырылууда, анын ичинен, “Аврора” санаториясын модернизациялоо, бутирленген суу, Каракол шаарындагы аэропортту реконструкциялоо, Каприз тоо лыжасы отелин модернизациялоо жана заманбап 5 жылдыздуу отелди, мрамор чыгаруучу заводду, Каракол шаарындагы
ипподромду куруу сыяктуу долбоорлор болгон.

Бул долбоорлорду ишке ашырууга, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын 1.9 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттары чыгымдалган, анын ичинен, жергиликтүү жана чет элдик жумушчулардын, ошондой эле контракттык негизде тартылган жумушчулардын эмгек акылары гана 1.7 млн АКШ долларын түзгөн. Бирок долбоорлор ушул кезге чейин ишке ашырылбастан калган”, – деп айтылат отчетто.

“Кумтөр Голд Компанинин” эсебинен көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоо чечими, убактылуу сырткы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан кабыл алынган.


Белгилей кетсек, уставдык капиталы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлууда. Бирок анын уставдык капиталындагы 3.4 млрд сомдун 2.7 млрд сому гана бюджетке кайтарылат.

Ошондой эле 650 млн сом холдингди жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат:

  • мамлекеттик салык кызматынын алдындагы кен иштетүгө алынган лицензиялар боюнча 638 млн сом;
  • компания түзүлгөндөн тарта иштеп келген кызматкерлердин айлык акысы, имараттын ижарасына төлөөгө болжолу менен 20 млн сом жумшалат. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам