Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт
Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда 6-8-ноябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманке социалдык маанилүү азык-түлүк продукциялары менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин продукциясын ортомчуларсыз түз сатууга шарт түзүү максатында уюштулуруп жатат.
Өткөрүлүүчү даяректер:
- Биринчи май районунда 7-8 ноябрдан баштап Т.Усубалиев атындагы аянтта июнь айына чейин ар ишемби-жекшемби күндөрү өткөрүлөт.
- Ленин районунда 6-7-8 ноябрдан тартып Жал кичи району. Миңжылкиев- Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде июнь айына чейин ар жума, ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номер: 0702 702 000.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу