Экономикалык контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин чеги жогорулашы мүмкүн
Кыргызстанда экономикалык контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги келип чыгуучу суммаларды жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбооруна ылайык, экономикалык контрабанда боюнча чек 5 миңден 20 миң эсептик көрсөткүчкө, ал эми бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу боюнча 1 миңден 15 миң эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Мындай сунушту Мамлекеттик бажы кызматы КРнын “Бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинин чегине жетпеген аракеттер үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик сакталат. Айып пулдардын өлчөмүн да кайра карап чыгуу сунушталууда. Алар товарлардын наркына жана төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасына жараша белгиленет.
Кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган минималдуу нарктык босогону төмөнкүдөй жогорулатуу сунушталууда:
- экономикалык контрабанда үчүн — 500 миң сомдон 2 миллион сомго чейин;
- бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн — 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин.
Бажы көзөмөлү үчүн мааниге ээ болгон алдын ала так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул белгилөө сунушталууда. Ал эми товарларды декларациялоо тартибин бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй айып пулдар сунушталат:
· жеке жактар үчүн — 5 миң сом;
· юридикалык жактар үчүн — 20 миң сом.
Декларацияны жана зарыл документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырбагандыгы үчүн эскертүү берүү же жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралууда.
Мындан сырткары мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын жетекчилерине жана алардын орун басарларына “полковник” наамына чейинки атайын наамдарды ыйгаруу, ошондой эле алардын кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу ыйгарым укуктарын Министрлер кабинетинин төрагасына берүү жоболорун да камтыйт.