“Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон

“Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) акыркы эки жылдын ичинде бюджетке 7 млрд 248 млн сом которду. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдошбек Ниязбеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишканада 270 субьект бар жана 4 миңден ашык адам эмгектенет. Бул ишканалар тамак-аш продукцияларын, курулуш материалдарын, дары-дармек жана турмуш-тиричиликке керектүү башка товарларды өндүрүп, жергиликтүү жана импорттук рынокторго чыгарышат.

Жолдошбек Ниязбеков белгилегендей, 30 жыл ичинде ЭЭАда өндүрүштүк жүгүртүүнүн бир айлык көрсөткүчү 1 млрд сомдон ашкан эмес, бирок акыркы 2 айдын ичинде ай сайын 1 млрд 128 млн сом өндүрүш жүгүртүлүп, рекорд коюлган. Азыр 7 завод капиталдык курулуштан өтүп иштеп, дагы 11 завод курулуп бүтүп, жакын арада ишке киргизилет. 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү. Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана

Өзгөндө видеону өчүрүү үчүн акча талап кылган жаран кармалды

Өзгөндө видеону өчүрүү үчүн акча талап кылган жаран кармалды

Өзгөн районунда жаранды видеого тартып алып, аны өчүрүү үчүн акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 20-августта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган И.З. аттуу жаран Н.Х. аттуу адамды автоунаада аял киши менен

Чолпон-Атадагы 10 миң орундуу ат майдан жаңыланды

Чолпон-Атадагы 10 миң орундуу ат майдан жаңыланды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы башталган оңдоо иштеринин алкагында VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө жана унаа токтотуучу жайлар жаңыланды. Ошондой эле инженердик тармактар оңдолуп, аймак

Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаек айылында курулуп жаткан 6 кабаттуу турак жайдын аймагында инженердик-геологиялык изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Изилдөөнүн алкагында бургулоо иштери жүргүзүлүп, курулуш жүрүп жаткан аймактын жер кыртышы текшерилди. Топурактын үлгүлөрү алынып, физикалык-механикалык касиеттерин аныктоо үчүн лабораторияга жөнөтүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыгы жер кыртышынын