Кыргызстанда канча кен байлык казуучу жай бар?

Кыргызстанда канча кен байлык казуучу жай бар?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Марат Жусупбеков Эл аралык тоо форумунда минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана баалуу металлдарды өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорду тааныштырды.

Анын айтымында, тоо кен өндүрүү тармагы Кыргызстан экономикасы үчүн негизи тармактардын бири катары калат. Алтынга болгон дүйнөлүк баанын жогорулоо фонунда алтын кендерине болгон кызыкчылык чоң. 

Мамлекеттик баланста азыр пайдалуу кен байлыктардын 51 түрү боюнча 1 000ден ашык кен казылуучу жайлар бар.  “Минералдык-сырьелук база өнөр жай туруктуулугуна, жумуш орундарынын деңгээлине жана инфраструктуранын өнүгүшүнө түздөн түз таасир этет. Акыркы жылдарда эле тоо кен секторунан 218 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн”, - дейт М.Жусупбеков. 

Буга улай ал тоо кен тармагынын өнүгүшү мамлекеттин, бизнестин, илимдин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болушу керектигин баса белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу