Н.Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагындагы Кытайдын активдүүлүгүн белгиледи

Н.Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагындагы Кытайдын активдүүлүгүн белгиледи

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугуп курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкуулаганы маалым болду. 

Н. Орунтаев Кытай менен биргеликте курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын ортого салды.

Ошондой эле ал Кытайдын Кыргызстандын курулуш тармагындагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2025-жылдын башынан тарта эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын