Электрондук коммерция аркылуу товар жүгүртүү көлөмү быйыл 428 млн долларга жетти

Электрондук коммерция аркылуу товар жүгүртүү көлөмү быйыл 428 млн долларга жетти

Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өсүп, өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 14 пайыздан ашыгын ээлеп калганын Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстандагы көлөм болжол менен 428 млн долларды түзгөн жана быйыл болжол менен 525 млн долларды түзөт. Бул импортту жана экспортту кошпогондогу ички рынок көлөмү.

“Чындыгында, электрондук коммерция Кыргызстанда көпчүлүктүн оозунда.  Бул түшүнүк 2021-жылы Экономика жана коммерция министрлиги жана биздин ассоциация тарабынан биргеликте иштелип чыккан Электрондук соода жөнүндөгү мыйзам менен киргизилген. Электрондук коммерция ­­– бул товарларды жана кызматтарды маалыматтык-коммуникациялык каражаттар аркылуу аралыктан сатуу жана аралыктан нак эмес жол менен төлөө. Башкача айтканда, алыстан сатып алынган жана төлөнгөн нерселердин бардыгы”, — дейт Күрөңкеев.

Ал электрондук коммерция товарларды сатууну гана эмес, кызмат көрсөтүүнү да камтый турганын баса белгиледи. Бул өзгөчө Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени экономиканын олуттуу бөлүгүн чакан жана орто бизнес, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол